Манас шаарында 19-ноябрь түнкү саат 01:00де жергиликтүү маркетте 15-20 топ балдар бири-бирине таш атышып мушташышканы тууралуу маалымат милицияга кабарланган.
Аталган окуяда 22 жаштагы Э.Б аттуу жаран денесинен жаракат алып Сузак райондук ооруканада жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катарында Манас шаарынын 22-23 жаштагы 11 тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.













