Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургунун үйүндө убактылуу жашап турган Ош облусунун 38 жаштагы Х.Э. аттуу тургуну жана 24 жаштагы Д.Б. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну 2024-жылдын август айларында “муктаждыгыңды чечип беребиз” деп үй кожейкесинен накталай акча алып жана дагы арадан 10 күндөн кийин электрондук капчыгына акча котортуп изин жашырып кетишкен. Үй кожейке жалпысынан 80 миң сомго зыянга учураган. Бул факты 2024-жылдын август айында Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан «алдамчылык» беренеси менен катталып, издөө иштери башталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалды.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.