Мурдагы аялын майып кылган адам Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлиги «оор кылмышка шектүү жаран бошотулду» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. «Шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Азыркы учурда шектүү Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат»,- дешти.
20-сентябрда Сокулуктун Селекция айылында мурдагы күйөөсү аялынын бетин, кулак-мурдун кескилеп кыйнаган үрөй учурган окуя катталган. Келин алган оор жаракаттарынан улам ооруканага түшкөн. Ал эми кылмышка шектүү катары анын мурдагы жолдошу кармалган.