Нарында карындашына болушуп, сабалган өспүрүмдүн окуясы боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып Бишкек шаарына жиберилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.
«Бул боюнча толук кандуу иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгына жабырлануучу тарап нааразы болгондуктан, бүгүнкү күндө тийиштүү экспертиза дайындалып, Бишкек шаарына жиберилди. Жыйынтыгы чыкса, кошумча маалымат беребиз»,- дешти облустук милициядан.