Нарында Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамга баш ийерин айтты

Криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон 1987-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну Мирлан Бекболотов кылмыштуу түшүнүктөрдөн жана идеяларынан баш тартты. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Ошондой эле, ал өлкөнүн мыйзамдарын сактай турганын жана мыйзамсыз аракеттер болгон учурда жоопкерчиликти тартууга даяр экенин убада кылды. Анын айтымында, ал 2009-жылы Камчы Көлбаев менен «Лимонтинин» бир тууганынын уюшкан кылмыштуу тобуна кирген.