Ош облусунун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-майда саат 13:20 чамасында Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүргөн. Бала ошол учурда мал кайтарып жүргөн.
Баланы туугандары таап, ооруканага алып барган учурда каза болуп калганы айтылат.