УКМК Ошто “Хизбут-Тахрирдин” активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Табылган буюмдар алынып, экпертизага берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган даректерде Ош ОИИБ менен УКМК биргеликте санкцияланган тинтүү жүргүзгөн учурда табылган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлгөн.
«Тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар — 88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы табылган», — деп жазылат билдирүүдө.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.