Бүгүн, 10-майда болжол менен саат 03:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Гуз айыл аймагынын Түшүнүк айылында Кара-Гуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымындагы көпүрөнү сел алып кеткен. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылган.