14-октябрь күнү Араван райондук милициясына Маңгыт айылында жайгашкан мектептердин биринен 1 компьютер жабдыктары, 2 принтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн орнотулган 1 электрондук шайлоо урнасын жана бюллетень эсептөөчү баштыгын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөөдө коомдук жайларга орнотулган видеөкөзөмөл камераларынын жазуулары каралып чыгып, кылмышка шектүү унаа аныкталган.
Кылмышка шектүү катары 2002-жылы жана 2001-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.











