Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бүгүн, 13-мартта Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчүнүн тапанчасынан ок атылган. Атылган ок жерге тийип, эч ким жабыркаган жок. Аталган факты катталып, териштирүү иштери башталган. Окуянын чоо-жайы такталып, жеринде тергөө-ыкчам тобу иш жүргүздү. Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.