Кара-Сууда ири суммадагы алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
28-август күнү милицияга Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, 2023-жылдын ноябрь айында Акрам аттуу жигит “үй алып берем” деп, 40 миң доллар акчасын алдоо жолу менен алып, ошол бойдон из жашырып кеткендигин билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1994-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.