Бүгүн, 3-июнда Ош шаарынын 218-кварталынында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:08де 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 16:12де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 64 жаштагы эркек киши бетинен жана колунан күйүк алган, абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.