Оштогу батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Оштогу үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Ош шаарындагы Абай көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринен 1969-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жансыз дене милицияга өткөрүп берилген.