Орусиянын Южно-Сахалинск шаарында Кыргызстандын 21 жаштагы жараны изделүүдө. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, Таалайбек уулу Рахманали 21-февралда кечинде «Азия Mix» кафесине досунун үлпөт тоюна барган.
Болжол менен саат 23:00 чамасында кафеден чыгып кеткен. Ошондон кийин Рахманалини эч ким көргөн эмес.