Салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мамлекеттик салык кызматынын инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү фактысын аныкталган. Тактап айтканда, Кылмыш жаза кодексинин 343-берененин 3-бөлүгү өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 14-январда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда инспектор кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.