Суусамырда ондон ашык жүргүнчүсү бар КамАЗ оодарылып кетти

Суусамыр өрөөнүндө ичинде 10дон ашык адам бараткан КамАЗ оодарылып кетти. Бул туурасында Сереп Медиа агенттигине Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында түштүк тарапты көздөй бара жаткан КамАЗ оодарылып кеткен. Алдын ала алынган маалыматка караганда, айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып кеткен экен. Азырынча бизде канча адам жабыркаганы тууралуу так маалымат жок. Учурда кырсык болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлдү», — дешти басма сөз кызматынан.