Таласта жашы жете элек 11 жаштагы өспүрүмдүн кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди

Таласта жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Талас облусунун Кара-Буура райондук прокуратурасы 2020-жылдын сентябрь айында 11 жаштагы өспүрүмдүн (жарым жетим) кызыкчылыгын коргоп, райондук сотко доо арыз менен кайрылган. Анда өспүрүмдүн атасы каза болгон соң, атасынын эжеси инисине таандык турак жайды өзүнө мыйзамсыз түрдө каттатып алып, үчүнчү тарапка сатып жибергени аныкталган. Себеби ал 2021-жылдын 4-январындагы соттун чечими менен прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, өспүрүм атасынан калган турак жайды менчиктештирүүгө укук алган.

Мындан улам, 11-мартта райондук прокуратура жогорудагы жарандардын ортосундагы түзүлгөн турак жайды сатуу жөнүндөгү келишимди жокко чыгартуу максатында Кара-Буура райондук сотуна доо арыз келтирген. Ага ылайык, 12-мартта Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жасалма каттоо тактамасы берилгендиги боюнча жана Кара-Буура райондук мамлекеттик нотариусу тарабынан мураскорду аныктоонун тартиби жана негизи белгилеген мыйзам талаптарына ылайык келбегендиги боюнча 2 материал райондук прокуратуранын каттоосуна алынып, айыптоо актысы бекитилип, райондук сотко жиберилди.

Учурда жарандык жана жазык иштер соттун кароосунда турат.