Камактагы мүлктү мыйзамсыз чыгарып салган сот аткаруучуга карата өндүрүш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас райондук соту 2014-жылы жарандардын бирин «Ыйгарылып берилген мүлктү сиңирип алуу же төлөмөр болуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, анын мүлкүн камакка алган. Ал жабырлануучунун пайдасына 531 миң 400 сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
2018-жылы Талас районунун сот аткаруучусу мыйзам бузуу менен жарандын мүлкүн камактан чыгартып салган. Ошол эле күнү Талас районундагы кыймылсыз мүлктүн бирөөсү үчүнчү жакка сатылып кетип, доону өндүрүүнү оордоткон. 2020-жылдын 23-декабрында Башкы прокуратура аталган фактыны бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама Кара-Буура районунун САКБ улук сот аткаруучусу (мурдагы Талас районунун САКБ сот аткаруучусу) тапшырылган. Жогорудагы кызмат адамына карата айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иши Талас шаарынын сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.










