«Тараптар элдешкен». Бишкекте аялдын колуна үтүк басып, зордуктоого шектүү сот залынан бошотулду

Бишкекте аялды чогуу жашаган эркек катуу сабап, колуна үтүк басып, андан соң зордуктаган делген англис тил мектептеринин биринин директоруна козголгон кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар элдешишкен. Буга байланыштуу шектүү сот залынан бошотулган.

Буга чейин Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын 38 жаштагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдын укуктарын сактоого чакырган.