«Унаа кырсыгында каза болгон 5 жигиттин өлүмү чоң кайгы алып келди». Бул тууралуу депутат Замирбек Мамасадыков соцтармактагы баракчасына жазды.
«Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участкасында болгон кырсыктан Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Бүргөндү айылынын тургундары, 1998-жылы туулган беш жигиттин бирдейинен каза болушу жердештерим үчүн чоң кайгы болду. Кырсыктан чырактай уулдарын жоготкон маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Ал эми жабыркагандардын бат сакайып кетишин Кудайдан тилейбиз.
Кырсык каш кабактын ортосунда демекчи, ар бирибиз жол тартканда эрежелерди так сактап, бөөдө кырсыктан оолак бололу. Машина айдаганда бизди үйдө ата-энебиз, балдарыбыз жана жакындарыбыз сагынып күтүп жатканын туюп сезип, көздөгөн дарегибизге аман-эсен жетели. Өлкөбүздө жана ар бир үй-бүлөдө дайыма тынчтык жана амандык болсун», — деп жазылат билдирүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram