«Тез жардам» унааларын сатып алууда Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 18 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Башкы прокуратуранын Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында Ислам Өнүктүрүү Банкынын насыялык каражаттарына «Тез жардам» унааларын сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
«Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-жылдын 21-сентябрында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ар бирин 2 миллион 924 миң 267 сомдон 66 «Тез жардам» унаасын алуу боюнча негизсиз протоколдук чечим кабыл алган. Чечим кабыл алынып жаткан учурда «Коопсуз шаар» боюнча эч кандай келишим түзүлгөн эмес жана мындай чечим кабыл алууга мыйзамдуу негиздер болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.









