Токмокто каракчылыкка шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
2-июнда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 1969-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал 2-июнга караган түнү болжол менен саат 01:30дан 02:30га чейин белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, уктоочу бөлмөсүнүн эшигин бузуп, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдап кеткенин билдирген.
Шектүүлөр үйдөн 70 миң рубль, 2 миң доллар, 100 миң казак теңгесин жана 400 миң сомду алып кеткен.Окуя болгон учурда үйдүн ээси кылмышка шектүүлөрдүн бирин окуя болгон жерде кармаган. Бирок калган эки шектүү анын үй-бүлө мүчөлөрүнө күч колдонобуз деп коркутуп, өз шеригин бошотууга жетишип, андан соң үчөө тең окуя болгон жерден качып кетишкен.
Аталган факты Токмок ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.Шектүү катары 2007, 2009 жана 2008-жылы туулган жарандар кармалган. Соттун чечими менен экөөсү бир айлык камакта кармоо, дагы бирине эки айлык камак түрүндө бөгөт чарасы тандалган.