Түрмөдө жаза өтөп жаткан адамдарга телевизор жана мискейге катып телефон берүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өткөрүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жаранга атасы тыюу салынган буюмдарды текшерүүдөн катып өткөрүү максатында мискейдин түбүнө жашыруун түрдө 2 даана «XIAOMI» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, уюлдук телефон үчүн 4 даана наушник, 1 даана уюлдук телефонду заряддагыч атайын берүүгө аракеттенген.
Аны менен катар эле 27-мартта Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 жаза аткаруу мекемесинин диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондорду кармоочу обочолонгон аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон адамга жашыруун тамак-аш жана телевизор берүү аракети болгон. Анда кызматкерлер тамак-аштарды жана телевизорду текшерүү учурунда телевизордун ичинен 14 даана уюлдук телефон таап алышкан.
Учурда аталган фактылар боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.