«Бишкек шаардык лифт» ишканасынан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишканадагылар лифт алмаштыруунун баасын эки эсеге көбөйтүп, ортодогу акчаны кымырып алып турушкан.
«Бишкек мэриясы жыл сайын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 100гө жакын лифтти алмаштырат. Аны которуу иштери «Бишкек шаардык лифт» ишканасына жүктөлгөн. Ал жактагылар ар бир лифтти алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сом деп эсептеп, аткаруучу уюмдарга 135 миң сомун берип, калган 132 миңин өздөрүнө алып турушкан», — деп жазылат маалыматта.
Ишкананын мурдагы жетекчиси кармалган. Шектүүлөрдүн арасында учурдагы башкы эсепчи да бар.