“Хизбут-Тахрир” уюмунун Кыргызстандагы лидери Ош облусунун Кара-Суу айылынын 1964-жылы туулган Ю.Н.Д. аттуу тургуну өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматына ылайык, «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун экстремисттик аракеттерин каржылоо үчүн республиканын бардык региондорунда катардагы мүчөлөрдөн акча каражаттарын чогултуу боюнча тармак түзүлгөн. Бирок чогултулган каражаттар жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланышкан. Жыл сайын «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрү тарабынан республика боюнча 7-8 миллион сомго жакын каражат чогултулган.
Ю.Н.Д. «ХТ» ДЭУнун иерархиясында “Мандуб” кызматын ээлеген – “Кыядатанын” Кыргызстандагы өкүлү болуп, ал чет өлкөдө жүргөндө өлкө аймагындагы экстремисттик иштерди координациялаганы аныкталган. Ошондой эле, жогоруда аталган каражаттар анын дарегине жөнөтүлгөн.
УКМК «Хизбут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун лидерлерин жана функционерлерин кармаган. Алардын арасында учурдагы жана мурдагы «масулалар» (республика боюнча лидерлер), финансист, ошондой эле «мусоиддер» («масуланын» жардамчылары жана белгилүү бир аймакка жооптуулар) бар. Кармалгандардын көрсөтмөсү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү бир нече жылдан бери Кыргызстанда экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, интернетте фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмакананы пайдаланып материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенип келишкендиги такталган.