УКМК маалымат таратып, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалганын билдирген.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин каржылоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Баронду» жана башка 3 адамды кармаган. Бул киши үй-бүлөсү менен Чүйдөн Казакстан жана Орусияга өтө көп баңгизат сатууга шектелүүдө. Наркобизнестен алынган пайданы аталган үй-бүлө, мех буюмдарын сатуу, Германиядан жана АКШдан унааларды ташууга жамынып, жашырышкан.