Транспорт департаментинин башкы адиси Бишкекте пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
18-февралда А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсү аркылуу коркутуу менен акча талап кылган. Ошондой эле, ал өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган.