Маалыматка караганда, 12-декабрда саат 00:10 чамасында Ново-Покровка айылындагы Ленин көчөсүндө эки тургун уруша кетишкен. Ал мушташка айланып, 1973-жылы туулган жаран ТТ үлгүсүндөгү тапанчасы менен 1993-жылы туулган жаранды бутка атып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1973-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
Ноокенде өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасаган жаран кармалды
Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Адыр-1 айылынын 1972-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн 2009-жылы туулган М.А. аттуу жээнине карата...