Кечээ, 16-ноябрда Түп районунда жол кырсык катталганын окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка караганда, Балбай айылынын чыга беришинде Волга унаасы жылкыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаа жолдун жээгиндеги бакты сүзгөнү, андан кийин унаа өрттөнүп кеткени айтылды. Ал эми жылкынын башы менен жүрөгү жулунуп кеткен. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгон. Экөө кырсык болгон жерде, бирөө ооруканада жан берген.
Окуя боюнча азырынча милиция маалымат бере элек.