Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, жээкке чыга албай калган эс алуучулар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Тамчы айылында 17 жаран (аты-жөндөрү такталууда) 5 катамаран менен жээктен 3 чакырым алыстыкка шамал алып кетип, жээкке чыга албай калып жана 1 кайык менен жергиликтүү тургундар чыгып, күйүүчү майы түгөнүп көлдө калып калган. Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул кайык менен тартылып, 5 катамарандагы 17 жаранды жана калып калган кайыкка күйүүчү май куюп, көлдүн жээгине чыгарышкан. Куткарылган жарандардын абалы канааттандырарлык.