Ысык-Көл облустук милициянын кызматкери сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы баланы сактап калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Жети-Өгүз районунун жапайы пляждарынын биринде, эски порттун кооптуу бөлүгүндө 24-июнда болгон. Милициянын лейтенанты Акылбек Макеев сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы баланы сактап калды.
«Кыйкырыктарды уккан милиция кызматкери дароо сууга чуркап, анын артынан секирген. Бир мүнөттүн ичинде чечкиндүү аракеттер көрүлүп, бала жээкке аман-эсен чыгарылган»,- деп айтылат маалыматта.