Бүгүн бир катар ЖМКлар «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров оор абалда ооруканада жатканын жазып чыгышты.
Сереп Медиа бул маалыматты тактоо үчүн саясатчынын жакындары менен байланышты. Алар бул маалыматты төгүндөштү.
«Адахан Кимсанбаевичтин кант диабетинен жабыркап келгени туура. Бирок ал учурда үйдө, абалы жакшы. Дарыланып чыккан», — дейт уулу Нурмухаммед Мадумаров.