Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде Санариптик өнүктүрүү министрлигине Мамлекеттик жер ресурстары агенттиги менен биргеликте кыска мөөнөттө кыймылсыз мүлккө, паспорттоштурууга жана башка кызматтарга онлайн-арыздар боюнча программа иштеп чыгууну тапшырды.
Тапшырма Мамкаттоонун ТИМдин мурдагы имаратына көчүүсүнө байланыштуу жарандардын кезеги жана даттануулары менен байланыштуу.