Жума, 14.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Айыптоочулар Өмүрбек Текебаевге коюлган айыптоону колдоодон баш тартышты

14:57 13.04.2021
0
Айыптоочулар Өмүрбек Текебаевге коюлган айыптоону колдоодон баш тартышты

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иш каралды. Аларга карата коррупция фактысы боюнча Орусиянын жараны Леонид Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкарусуна киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 миллион долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган. Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

2017-жылы жогорудагы иш боюнча Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2019-жылы Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле. Ошондон бери бул иш Биринчи Май райондук сотунда каралып келе жаткан. Өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин Өмүрбек Текебаев Садык Шер-Нияздын мандатын бошотуп берүүсү аркылуу Жогорку Кеңешке депутат катары келген. Бирок Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы анын айыпталуучу деген статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу. Мунун соңунда Текебаев кайра мандатсыз калган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Сокулукта төрөп ымыркайын таштандыга таштап кеткен келин кармалды

Сокулукта төрөп ымыркайын таштандыга таштап кеткен келин кармалды

15:23 14.11.2025
Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева баш кошушту

Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева баш кошушту

15:19 14.11.2025
Оштогу тойканада милиция кызматкерлери 22:00дөн кийин элди чыгарган видео тарады

Оштогу тойканада милиция кызматкерлери 22:00дөн кийин элди чыгарган видео тарады

15:15 14.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү