«Армияга барып мекенди коргойбу же майып болуп келеби?». Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Бекзат Эсенбаев аттуу биздин аскерди прапорщиги катуу сабап, ооруканага түшүп, азыр оор абалда жатат. Ата-энелер балдарын мекенин коргоого жөнөтүп жатса, алар ал жактан ур-токмокко алынууда. Душмансыз эле бири-бирин кырып жатат. Бул эмне деген көрүнүш? Ата-энелер депутаттарга «армияга барып мекенди коргойбу же майып болуп келеби?» деп арызданып кайрылышууда. Протоколдук тапшырма берип, бул окуяны көзөмөлгө алуу керек. Башкы прокурордун милдетин аткаруучуга тапшырма берүү зарыл, көзөмөлгө алсын», — деди депутат.