Абылгазиев Атабек Абылгазиевич энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын директору болчу.