Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханституцияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов Сереп Медиа маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, митинг тынч өтүп, 4 негизги талап коюлат:
- Легитимсиз парламентти каржылоо токтотулсун.
- Легитимсиз парламент тарасын.
- Парламентке жаңы шайлоо өтсүн.
- Шайлоо аркылуу келген жаңы парламент Конституциянын жаңы редакциясын коомчулукка алып чыксын.
«Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Экинчиден, 80 депутат демилгелеген Конституциянын долбоору 17-ноябрда парламенттин сайтына жарыяланган. Ал Баш мыйзамдын долбооруна 67 өзгөртүү киргизилген. Ал эми февралда жаңы редакция жарыяланды. Ал жаңыдан демилгелениши керек эле. Андай болгон жок. Жогорку Кеңеш ага көз жуумп, каалаганын кылууда. Аларды президент, өкмөт колдоп, бардыгы кылмыш жолуна — бийликти узурпациялоого баратышат», — дейт Молдокматов.
Анын айтымында, бул иш-чара өтөрү тууралуу ЖМКлар аркылуу кабарлангандан кийин укук коргоо органдарынан эскертүүлөр түшүп жатат.
«Биз иш-чара тууралуу мэрияга кабарлаган жокпуз. ЖМКлар аркылуу чыгып жатканын эле кабарладык деп эсептесек болот. Ал маалымат чыккандан кийин биздин балдарга чалышып, «митингге чыксаңар, камап коёбуз», «таркатабыз» деп коркутуп жатышыптыр. Баш мыйзам боюнча биздин эч кимге кабарлабай туруп, митинг өткөрүүгө укугубуз бар», — дейт ал.
2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү позициясын жарыялагандан кийин, ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон. Коомчулуктун сынынан кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ 2,5 ай талкууланган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Аны депутаттардын 87си колдоп, 9у каршы добуш берди, 21и катышкан жок.