Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевди колдогон митинг өтүп жатат

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүүдө.

Чогулгандар саясатчынын бошотулушун жана соттун адилеттүү чечимин талап кылышууда. 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча сот Биринчи Май райондук сотунда өтөт.