Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого саат 10:00гө карата 15 миң 59 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 3,53 пайызын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.
Райондор боюнча алганда:
- Ленин районунда 4 миң 642 жаран добуш берди, ал шайлоочулардын 3,68 пайызын түзөт;
- Октябрь районунда 3 миң 706 жаран, 3,44 пайызы;
- Биринчи май районунда 3 миң 702 жаран, 3,97 пайызы;
- Свердлов районунда 3 миң 900 жаран, 3,01 пайызы.