Министрлер кабинети маалымат таратып, Союзбек Надырбеков мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалганын билдирген.
Ал кызматты мурда аркалап келген Чыңгыз Эсенгул уулу социалдык тармактагы баракчасына алыс кетпегенин, министрлик менен тыгыз иштешип жатканын жазды.
«Убагында жооп берип, реакция кыла албай калдым, кечириңиздер! Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен башка ишке өткөндүгүм үчүн кеттим, буйурса баары жакшы. Маданият министрлигинде билинбей эле 3 жыл 4 ай эмгектендим жана жакшы жетишкендиктерге, көрсөткүчтөргө жетиштик деп ойлойм, анткени министрликтин түйшүгү оор. Борбордук аппараттын кызматкерлерин баатыр деп айта алам, бардык жүк ошолордун мойнунда. Азамат Капарович жана Алтынбек Аскаровичке абдан терең ыраазычылык билдирем, мага ишеним көрсөтүшүп, ар бир демилгемди колдошту жана эркиндик беришти.
Чындыгында 6 тармакка калыс, адилеттүү мамиле кылуу абдан оор болду, ошон үчүн балансты болушунча кармаганга аракет кылдык. Маданият, искусство, маалымат, спорт, жаштар саясаты, этностор аралык мамиле жана кино тармагынын өнүгүшүнө каржылык жана моралдык колдоо көрсөткөн өлкө жетекчилигине өзгөчө ырахмат, министрликтин учурдагы ийгиликтери дал ошол колдоонун негизинде ишке ашууда. Жумуш учурунда кандай гана мыкты, өз ишин билген, ишине берилген, кесибин сүйгөн өнөр адамдары менен таанышып, насиптеш болдум. Жалпы өнөр адамдарына алкыш! Ошондой эле мени менен болгон, кеңешин берген, жол көрсөткөн, багыт айтып берген устаттарымдан, агайларымдан, кесиптештеримден Жараткан ыраазы болсун! Мен алыс кеткен жокмун, министрлик менен тыгыз иштешүүдөмүн», — деп жазды ал.