Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасы аркылуу бүгүн, 3-мартта парламенттин жалпы сессиясынын биринчи окуусунда каралчу Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча билдирүү жасады.
Анда ал бүт эле депуттар жаңы Баш мыйзамды карап, окубай туруп эле добуш берип кароодон өткөрүп коюшат деп айтты.
“Конституциянын жаңы долбоору парламенттин кароосунан өтөт. Андан кийинки кадамдар элден көз каранды болот. Мен билем, бүт эле депутаттар ал жаңы Баш мыйзамды карап, окубай туруп эле добуш беришет. Деген менен учурдагы Конституцияны деле эч ким окуп, кызыккан эмес. Бирок актануунун кереги жок. Ар бир президент өз кезинде өзүлөрүн кудуретүү күч көрүшкөн. Ооба, алар Кудай эмес, алар жакшы жана жаман сапаттары бар жөнөкөй эле адамдар. Бул президент эмнени ойлоп, көздөсө да убакыт бардыгын өз ордуна коёт”, — деди Бекешев.
Кечээ, 2-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда Баш мыйзамдын жаңы долбоору аталган комитет тарабынан талкууланып, колдоого алынган. Ал эми бүгүн, 3-мартта Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин жалпы сессиясында биринчи окууда каралууда.










