«200дөй көмүр ташыган айдоочулар акчасын ала албай, митингге чыгабыз деп жатышат». Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.
«Кычыраган кышта жергиликтүү калк Кара-Кечеден көмүр ташыган. Колдон келген жардамын беришкен. Бүгүнкү күндө 200дөй машина ордунда турат. «Кыргыз көмүр» ишканасы убагында чечип, акчасын берип коюшса… Ошол 200дөн ашуун бала ишкананын алдына чыгып, митинг кылабыз деп жатышат», — деди депутат.






