Бүгүн, 13-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкектеги мамлекеттик сапарынын расмий бөлүгү башталды. «Ынтымак Ордодо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуу даярдалганы маалымдалган.