Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Винера Раимбачаева белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат. Депутаттар Калкты каттоо департаментинен жана Юстиция министрлигинен келген өкүлдөргө суроо берип, жооп алып жатышты.
Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Бекзад Ибраимовдун айтымында, жаңы төрөлгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылса, ага ошол жерде иштеген тарбиячылар ысым беришет. «Кийин ал бала фамилиясын өзгөрткүсү келсе, чоң атасы белгисиз болгондуктан аларга башка бир фамилияны бере албайбыз. Тастыктоочу документтер керек», — деди.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Тургунбек уулу, Аманкан Кенжебаев.