Шейшемби, 09.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Феликс Кулов Садыр Жапаровдун айтканы боюнча комментарий берди

09:39 25.03.2025
0
Феликс Кулов Садыр Жапаровдун айтканы боюнча комментарий берди

«Кабар» агенттиги мамлекет башчысы менен болгон кезектеги маегинде журналист Лейла Саралаеванын Курманбек Бакиев тууралуу жарыялаган видеосуна токтолуп, кыска жооп алган.

«Мен ал журналистти тааныбайт экем. Ушунча жыл саясатта жүрүп, көңүл деле бурбаптырмын. Маек деле берген эмес экем. Бирок ошентсе да, сурооңузга жооп берип коёюн. Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен.

Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз», — деген өлкө башчысы.

Жергиликтүү ЖМКлардын бирине экс-премьер Феликс Кулов бул маалымат боюнча комментарий берди. «Мен Саралаеванын сөздөрүн уккан жокмун, бирок Садыр Жапаров тууралуу сурашты. Мындай маалымат мени таң калтырды. Мен мындай факты бар экенин тастыктадым, бирок ал көпкө иштеген эмес», — деди ал.

Ал 2005-жылдын 24-мартында абактан чыккандан көп өтпөй президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселеси көтөрүлгөнүн эске салды. Алгач Алмазбек Атамбаев Куловго кайрылган, андан кийин Садыр Жапаров менен Чолпон Баекова кошулган. 

«Алар мени президенттикке ат салышууну сунушташты. Мен беш жыл абакта отургандан кийин ден соолугумду калыбына келтирип, саясий кырдаалды түшүнүшүм керек эле. Бирок алардын өжөрлүгү жана башка тарапташтардын колдоосу менен акыры мени ынандырышты. Садыр Жапаров да менин командама кошулду — анын аброю бар, жакшы уюштуруучу жана керектүү байланыштары бар болчу. Ал чындап эле жардам берген», — деген ал. 

Кийин талапкерлигин жарыялаганда Азимбек Бекназаров ага жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. «Ал “Аскар Акаев 14 жыл президент болду, эми кезек түштүктүн өкүлүнө келди” деди. Мен аймактык бөлүнүүнү, трайбализмди колдобойм деп жооп бердим. Буга ал «Силер бул беш жылда көп нерсени жоготтуңар, эл экиге бөлүндү, бул факторду эске алуу керек» деди», — деген Кулов. 

Феликс Кулов Курманбек Бакиев менен тандем түзүүнү сунуштаган Бекназаров экенин кошумчалаган. 

«Мен өзүмдүн командамды чогултуп, көп талкуудан кийин өлкөнү бөлүп-жаруудан сактоо үчүн келишим түздүк. Натыйжада, ар кандай саясий күчтөрдүн башын бириктирген Элдик конгрессти Бакиев уюштурду. Мен өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн премьер-министрликке макул болдум. Менин командам бул чечимди колдоп, штабдын кереги жок болуп калды. Биз акча чогулткан жокпуз, бирок эл өзү колдоп келди», — деди ал.

«Төрт жылдан кийин мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков командадан чыгып кеткен. Ал жыйындардын биринде Бакиевдин «Бир жылдан кийин мен Куловду кетирем» деп айтканын айтты, бирок, убакыт көрсөткөндөй, анын айтканы туура болуп чыкты, натыйжада Бакиев бийликтен ажырап калды, мен аны менен көпкө иштешпей калганыма ыраазымын», — деген Кулов. 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:00 04.12.2025
1

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
18:12 03.12.2025
1

БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү...

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:18 03.12.2025
0

Шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча БШКга 11 арыз түшүп, анын алтоо добуш сатып алууларга байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык...

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:43 03.12.2025
0

Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Кенжебаев...

Шайлоодо талапкерлер жана партиялар 1,5 миллиард сом сарпташкан жана аны эмнелерге коротушкан?

Шайлоодо талапкерлер жана партиялар 1,5 миллиард сом сарпташкан жана аны эмнелерге коротушкан?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:53 02.12.2025
0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлер жана партиялар 1,5 миллиард сом сарпташкан. БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы жөнүндө маалымат...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду

Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду

09:21 08.12.2025
Жогорку Кеңешке кимдер депутат болот? БШК бекиткендердин тизмеси

Жогорку Кеңешке кимдер депутат болот? БШК бекиткендердин тизмеси

12:16 08.12.2025
Камчыбек Ташиевдин ЦУМ жактагы курулушка барган видеосу тарады

Камчыбек Ташиевдин ЦУМ жактагы курулушка барган видеосу тарады

12:23 08.12.2025
Камчыбек Ташиевдин ЦУМ жактагы курулушка барган видеосу тарады

Камчыбек Ташиевдин ЦУМ жактагы курулушка барган видеосу тарады

2
Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду

Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду

1
Бишкекте «тапшырмада жүргөнүн» айткан айдоочуга айып салынды (видео)

Бишкекте "тапшырмада жүргөнүн" айткан айдоочуга айып салынды (видео)

1
Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан имараттын 3-кабатын буздурууну тапшырды

Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан имараттын 3-кабатын буздурууну тапшырды

18:30 08.12.2025
Кадамжайдагы жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Кадамжайдагы жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

16:56 08.12.2025
Бишкекте милиция «дем албай жатат» деген баланы ооруканага жеткирди (видео)

Бишкекте милиция "дем албай жатат" деген баланы ооруканага жеткирди (видео)

15:44 08.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү