БШК бүгүн, 18-февралда Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнаны Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ага парламенттин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
Ал «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясындагы Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди.
Жунушалиева КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.
Гүлсүнкан Жунушалиева 1969-жылы 16-июлда Кочкор районунда туулган. 1992-жылы Томский мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
— 1992-1998-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу;
— 1998-жылдан азыркы кезге чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия кафедрасынын окутуучусу;
— 2021-жылдан азыркы кезге чейин КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.