Президент Садыр Жапаров Июнь окуясынын 12 жылдыгына карата кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
«Эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири – 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясы.
Эзелтен эле көп улуттун өкүлдөрү байырлаган үч миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош калаабыз менен жаштыктын шаары атанган, жайлуу Жалал-Абад шаарында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер – өлкөбүздүн келечегине көрө албастык кылган душмандар бизди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашты. Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук.
Мына ошол каргашалуу окуя бир чөлкөмдө жашаган бардык этнос өкүлдөрүнө ынтымак баарынан бийик турарын дагы бир ирет далидеди деп ойлойм. Каргашалуу апаат көп нерсеге көзүбүздү ачып, өлкөнүн биримдигине байланыштуу ар бир аракетибизге аяр мамиле кылуу керектигин таамай тастыктап берди. “Мен – кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир жаранга өлкө үчүн жооптуу экендигин сездирди.
Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге, мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Эң оболу келечек муун үчүн кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды куруу мойнубуздагы ыйык парз экенин сездирип турат!
Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет. Өлкөбүздө улуттук саясатты жүзөгө ашырууда абдан кылдаттык зарыл!
«Ынтымагы бар элдин – ырыскысы мол болот» дейт элибизде, мындан ары кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек. Кыргызстаныбыздын кызыл байрагынын астында башыбызды бириктирип, өлкөбүздү алга сүрөшүбүз зарыл!
Кыргызстандагы тынчтыкты жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албайт».










