Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаров иш сапар менен Орусияга кетти. Президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлагандай Жапаровду өзүнүн аппарат жетекчиси жана биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган министрлер, мамлекеттик агенттиктин жетекчилери коштоп кеткен.
Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
- Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов
- Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков
- Вице-премьер-министр — Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков
- Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев
- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат
- Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев
- Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев
- Айыл чарба, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков
- Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева
- Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев
- Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов
- Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев
- Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.