«1 жылда коррупциядан түшкөн каражат 200 миллион сомго жетчү эмес. Ал эми биз 2 жылда 11 миллиарддан ашык акча топтодук». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Мындай акчаны мамлекетибиз дагы, атайын кызматтагылар да өмүрү көргөн эмес. Бул акча коррупционерлерден түшүп жатат. Мени «бир сом акча алдың» деп күнөөлөй албайт. Бирөөдөн 1 тыйын, 1 сом акча албайм. Түшкөн акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм же УКМКга колдоном. Башка маселе жок. Эч ким мени коррупционер деп айта албайт. Чындыгында ушундай. Мамлекеттин кызыкчылыгы турган кезде дос, жар, тааныш ойнобош керек. Ошондо жыйынтык болот. Мамлекет оңдолот, буюрса», — деди ал.