Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы жол тыгын көйгөйүн көтөрдү.
«Бишкек шаарындагы жол тыгыны эң негизги маселеге айланды. Жумушка келе жатканда жана жумуштан чыккан мезгилде. Кортеждер эл эртең менен ишке келе электе, кечинде болсо, саат 8ден кийин жолдон өтсө… Үстүдөгү адамдарыбыз жол тескөөчүлөр менен жолду тосушпаса… Ушул маселени оң жагына чечип берсек», — деди депутат.